"Бизде доклад окуганы келген министрлердин папкасын жардамчылары көтөрүп келет" дейт депутат Сайдулла Нышанов

Кечээ күндөн тартып социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү мекемелеринин жетекчилери - аял кишилер менен бара жатып кол чатыр кармап жүргөндөгү сүрөттөрү интернетте талкууланууда. Маалым болгондой, президент 6-февралда Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барып, абал менен таанышкан. Ал учурду өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.

Андан кийин интернет желесинде Жээнбековдун бул жүрүм-турумун мактагандардын саны көбөйүп алкап жатышты. Ошол эле учурда президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүүсү кадыресе эле көрүнүш болуш керек экенин, президент катары жасаган иштерине көңүл буруу маанилүү экенин жазгандар чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?" деген собол салды.

Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жооп берип, президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүшү анын тарбиясынан кабар берерин айтты.

"Ар бир адам чоң кызматка келгенде мурунку алган билими, ата-энесинен алган тарбиясы көпчүлүк учурда ачык көрүнүп калат. Кыргызда "күн көрбөгөн күн көрсө күндүзү чырагын жагат" деген сөз бар. Ошол үчүн бул анын жөнөкөйлүгү деп ойлойм.

Жакында эле Англиянын премьер-министри парламенттен чыкканда 3-4 том папкасын өзү көтөрүп чыгып, унаага салганын көрдүм. Аны жанымда тургандарга “карагылачы” деп көрсөттүм. Ал эми бизде министр доклад окуганга келсе папкасын өзү көтөрүп чыкпайт да. Ал жумушту жардамчылары аткарат", - дейт Нышанов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Каныбек Осмоналиев, Асия Сасыкбаева, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин жооптору бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан