Кечээ күндөн тартып социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү мекемелеринин жетекчилери - аял кишилер менен бара жатып кол чатыр кармап жүргөндөгү сүрөттөрү интернетте талкууланууда. Маалым болгондой, президент 6-февралда Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барып, абал менен таанышкан. Ал учурду өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.
Андан кийин интернет желесинде Жээнбековдун бул жүрүм-турумун мактагандардын саны көбөйүп алкап жатышты. Ошол эле учурда президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүүсү кадыресе эле көрүнүш болуш керек экенин, президент катары жасаган иштерине көңүл буруу маанилүү экенин жазгандар чыкты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?" деген собол салды.
Бул суроого жооп берген саясат таануучу Сейтек Качкынбаев президенттин кол чатыр көтөргөн сүрөтүн башка чиновниктерге үлгү болсун деп чыгарышкан деген оюн билдирди.
"Президент өзүнүн кол чатырын көтөргөнү жакшы эле көрүнүш. Сүрөттү социалдык түйүндөргө чиновниктердин бардыгы президенттей жөнөкөй болсо деген мааниде, жакшы ой менен чыгарышса керек. Ошол эле учурда күлкүлүү жагы да бар. Антип сүрөт чыгарышпаса деле кол чатырды өздөрү көтөрүшү шарт. Мындай пиар кылуунун кереги бар беле? Президентти башка иши менен пиар кылышса болмок", - дейт Качкынбаев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Каныбек Осмоналиев, Асия Сасыкбаева, депутат Сайдулла Нышанов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин жооптору бул шилтемеде.