"Жардамчыларына кол чатыр карматып койгон чиновниктерди баарыбыз билебиз" дейт экс-депутат Алишер Мамасалиев

Кечээ күндөн тартып социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү мекемелеринин жетекчилери - аял кишилер менен бара жатып кол чатыр кармап жүргөндөгү сүрөттөрү интернетте талкууланууда. Маалым болгондой, президент 6-февралда Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барып, абал менен таанышкан. Ал учурду өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.

Андан кийин интернет желесинде Жээнбековдун бул жүрүм-турумун мактагандардын саны көбөйүп алкап жатышты. Ошол эле учурда президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүүсү кадыресе эле көрүнүш болуш керек экенин, президент катары жасаган иштерине көңүл буруу маанилүү экенин жазгандар чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?" деген собол салды. Бул суроого Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев жооп берди.

Анын пикиринде, президенттин кол чатыр көтөргөнү башка чиновниктерге үлгү болушу керек.

"Менин оюмча, бул бүт кыргыз чиновниктерине үлгү болушу керек. Эгер ушул таасир этсе бул да жакшы көрүнүш. Бизде кээ бир жетекчилер өздөрүн элден жогору ойлойт. Алардын алдына кызыл килем төшөп, үстүнө зонтик карматышат. Бир нече жолу чиновниктердин жардамчылары күндүн аптабында кол чатыр көтөрүп чуркап жүрүшкөнүн баарыбыз билебиз. Элге ошол сүрөт жакса, анда эл туура түшүнүп, туура кабыл алды", - дейт Мамасалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Каныбек Осмоналиев, Асия Сасыкбаева, депутат Сайдулла Нышанов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин жооптору бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан