Ырчы Нурбек Савитахуновдун уулу жардамга муктаж

Убагында кыргыз эстрадасында "Малышка Би", "Беги за ней" ыры жана "Жатакана" сериалындагы ролу менен таанылган ырчы Нурбек Савитахуновдун уулу жардамга муктаж. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына чыгармачылыктан алыстап кеткенинин себебин түшүндүрүп жатып жазган.

"Бир нече жыл мурун чыгармачылыктан алыстап кеттим. Мунун жүйөлүү себептери бар. 2015-жылы жубайым Альбина (ред. Альбина Бейшембиева) экөөбүз тун наристелүү болуп, ага Артур аттуу ысым ыйгарганбыз. Уулубуз 6 айынан тарта жапайы жана үй жаныбарларынын аттарын билип, 2 жашында тамга таанып, санаганды үйрөнүп алган. Жер-жемиштердин аттарын атап, мен билбеген геометриялык формулаларды айтып, эки тилде эркин сүйлөшө алчу. Ырларды да дал өзүндөй кылып аткарып койчу. 2-уулубуз Алан төрөлгөнгө чейин Артур бат-баттан ооруп, түнү бою уктабай, ачуулуу болуп, адамдын көзүнө тик карабай, атынан чакырсаң дагы маани бербей калды. Ал түшүнүксүз тилде сүйлөп, түз жерден кулап, жерге жатып, колуна тийген нерсени жегенге өттү. Эч нерсеге кызыгуусу жок болуп, коркуп, коргонуу инстинкти жоголду. Артур өзүнүн дүйнөсүндө, өз кызыгуулары менен алек болуп калган. Бирок ал бизге муктаж болгон кезде ар дайым жанында болдук. 3 жашка чыкканда дарыгерлер ага аутизм синдрому деген диагноз коюшту. Жубайым экөөбүз болгон күч-аракетибизди жумшап, дарылоого кириштик. Артурдун чоң энелеринин жардамы менен дарылануусуна 13 миң доллар каражат кетирдик. Буюрса, уулубузда жакшы өзгөрүүлөр бар. Бирок толук кандуу калыбына келүүсү үчүн дагы убакыт жана каражат керек. Учурда уулубуз үчүн ар бир күн , ар бир саат маанилүү. Биз Артурду толук айыктыруу үчүн 18 айлык реабилитация борборунан дарылануубуз кажет. Буга 45 миң доллар талап кылынат. Андыктан кол сунган адамдардын ар бирине Альбина экөөбүз ыраазы болобуз. Биздин аракетибиз жана силердин айкөлдүгүңөр менен уулубуз айыгарына ишенебиз", - дейт Нурбек Савитахунов.

Түгөйлөр 2014-жылы баш кошуп, 2015-жылы Артур аттуу уулдуу болушкан. Ал эми актриса Альбина Бейшембиева "Сүйө бил", "Мурас сыры" аттуу тасмаларда роль жаратып эл оозуна алынган.

Артурга жардам берүү жолдору:

- paypal.me/arthurstreatment

- Яндекс.Деньги: 4100 1746 8639 378

Алуучу банк: "Сбербанк", Орусия
Алуучу: Савитахунов Нурбек Жылдызбекович
Картанын номери: 4276 3801 2374 2038
Эсеп номери: 40820 810 9 38053102469
БИК: 044525225
SWIFT: SABRRUMM
Correspondent Account: 30101810400000000225
KPP: 773601001
INN: 7707083893

Алуучу банк: ОАО "Оптима Банк", Кыргыз Республикасы
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Эсеп номери: 1091 8220 0018 0171
Картанын номери: 4169 5853 4927 2699
БИК 109018

Алуучу банк: "РСК Банк", Кыргыз Республикасы
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Эсеп номери (номер белгиси): 000001617718
Картанын номери: 4724 1489 9136 5721

Алуучу банк: "KICВ Банк", Бишкек шаары
Алуучунун эсеби: 1280096052819310 (сом)
Бейшембиева Альбина Уланбековнанын атына

ЭЛСОМ капчыгы 0555313770 KICB`ге байланган.

Demir Bank, Albina Ulanbekovna Beishembieva
Beneficiary account: 1180000120508562 USD
Beneficiary BANK SWIFT - DEMIKG22

Алуучу банк: "Демир Банк"
Алуучу: Бейшембиева Альбина Уланбековна
Алуучунун эсеби: 1180000120508461 (сом)
БИК: 118005

Картанын номери: "Демир Банк": 4215 8901 1028 5902
Алуучунун аты-жөнү: Albina Beishembieva

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Zimzimemir
2019-02-08 12:41:40
Шыпаа берсин,б алким коз тийгендир
+6
Nuri1988Elim2010
2019-02-08 13:20:58
Аллахым шыфаасын берсин ылайым
+4
Umka22
2019-02-08 13:27:58
Аллахым озу колдосун жакшы болуп кетсин бактылуу балалыкта чоңойсун
+4
Azatbek.Svoboda.
2019-02-08 13:41:19
Колдон келишинча канча акча болсодо жардам кылып койолук!Кайдагыны жазып созду кобойтпой!
+7
tursunbaev78
2019-02-08 14:03:52
Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин,адамдын көзү таш жарат дейт,балким көз тийгендир,ошодуктан айрыкча жаштар жаш баланын сүрөтүн,видеосун соцсеттерге жүктөбөй эле койсоңор
+5
Gema
2019-02-08 14:13:38
Апаларга эмес! Куран менен каттуу дем салган адамга адып барыш керек.
+2
taoni
2019-02-08 14:48:54
К сожалению это неизлечимо
+1
Aikaaaa
2019-02-08 15:05:36
Вундеркинд болчу экен. Байкуш бала, көз тийип кетти го
+2
nuri1
2019-02-08 15:12:07
Тенирим ден соолук берсин
-6
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-08 15:40:43
Көз тийди окшойт.Аллах шыпаасын берсин.
+5
Sagidko88
2019-02-08 16:05:25
Аллахым шыпаа берсин!!! оорубасын эч кимдин баласы
+5
melashka
2019-02-08 16:16:19
Аллахым шыпаасын берсин!!!
+2
Floweriza
2019-02-08 16:41:55
Менин иним да аутизм кантип айыктырабыз дарыгерлердин көзөмөлүндөбүз 10 го чыкты,3 жашынан баштап карап келе жатабыз Аллахтын кереметинен үмүт үзбөй моральдык жардамыныздарга муктажбыз жол көрсөтүнүздөрчү
0
Feijipiao
2019-02-09 00:39:06
Floweriza,Крда кайсыл жериндесиздер?Эмнелер менен алек болот ининиз же такыр сабак албадыбы?
0
i1urp
2019-02-08 18:38:47
Жараткан Тенирибиз балага ден соолук гана берсин. Бир гана Тенирим ден соолуктан сактасын.
-3
Feijipiao
2019-02-09 00:43:52
Азыр менин окуучум кадимкидей мени менен суйлошуп олзу тынбайт.Ар бир суроомо жооп берет.Оюнду кадимки балдардай ойнойт.Ооо канчалык кучум кетти адам кылам деп.Буюрса 1 2 жылда башка балдардан бир аз айырмасы болушу мумкун,бирок аутизм деген ойго эч кии келбей калат.Азыр 7 жашта буюрса
+1
maralum93
2019-02-09 14:51:09
Feijipiao, сизде тажрыйба бар экен балким келип ата энелерге сабак өтүп үйрөөтөрсүз. АЛЛАХЫМ дарт берген соң шыпаасын кошо берсин.
+1
Feijipiao
2019-02-10 01:17:51
maralum93,эн чон тилегим ошол.Буюрса Кыргызстанга барганымда аутизм балдары бар энелерге колумдан келгенче жардам берем.Анан да бекер сабак отоюн,жашоого керектуу нерселерди уйротоюн деген оюм бар.Буюрса бул тилегим ишке ашсын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан