Каракол, Жалал-Абад жана Кара-Балтада калкты каржылык процесске тартуу жогорулады

Кыргыз өлкөсүндө 3 жыл бою 2019-2021-жылдарга карата өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча программалык каржылар иштелип келген. Бул нерсе Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун “Өлкөнүн жарандарын жергиликтүү деңгээлде каржылык жактан программалоого тартуунун практикасынын таасирин өнүктүрүү” долбоорунун көмөгү менен ишке ашып, “Сорос-Кыргызстан” фондунун Саясат жана өнүктүрүү институту менен биргеликте аткарылган.

Долбоордун баштапкы этабында пилоттук негизде Каракол, Кара-Балта жана Жалал-Абад шаарлары тандалган. Бул шаарларда жергиликтүү кеңештердин депутаттары, муниципалдык мекемелердин кызматкерлери жана жарандык активисттер үчүн тренингдер уюштурулуп, калктын керектөөлөрү жана жарандык катыш боюнча окутуулар жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө стратегиялык документтер ар бир пилоттук шаарда коомдук угуулардан өткөн. Учурда ал документтер жергиликтүү кеңештердин макулдугун күтүүдө.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов белгилегендей, бул долбоор фонддун жарандык активдүүлүктүн механизмин түзүүгө багытталган иштеринин негизгиси болуп саналат.

“Биз үчүн бул долбоор ар бир шаар тургуну чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышууга жарандык мүмкүнчүлүк ала алгандыгы менен маанилүү. Ошондой эле бюджетти шаардын деңгээлинде бөлүштүрүү - бул баарын эле кабатыр кылган, коомго зарыл болгон тема. Программалык каржы боюнча мыйзамдын муниципалдык деңгээлде кабыл алынышы бийлик менен коомчулуктун биргеликте иш алып баруусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Шаарлардын мэрияларын граждандык секторлор жана жергиликтүү калк менен кантип иш алып барууга, шаардыктардын мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтүүгө, ошол артыкчылыктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө тартууга жана программалык каржыга таасирин тийгизүүгө окутуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Мындай жол менен биз жарандык катышуунун толук циклин түзүп, натыйжада калктын муниципалитетке болгон ишенимин жогорулата алабыз”, - деди Шамиль Ибрагимов.

Борбордук Азиядагы Евразия фондунун директору Анара Надирбекова жергиликтүү бийликти программалык каржылоого өтүү тууралуу Каржылык кодекси 2017-жылы эле күчүнө киргенин кошумчалады. Бул демилге жакшы жакка өзгөрүүгө чоң потенциал болгону менен, аны ишке ашырууда көйгөйлөр жаралып келген.

“Мэрияларда муну ишке ашыруу үчүн жеткиликтүү билим жана каржылык ресурс жок болгон. Бул маселелер боюнча биздин фонд алектене баштады. Программалык каржылоого өтүүнүн негизги максаты – бюджеттик каражаттардын айкындыгын жогорулатат. Муну менен жергиликтүү калк акча каражаттарынын кандай колдонулуп жатканын көзөмөлдөй алат. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Өзүбүздүн бул багыттагы потенциалыбызды башка шаарлардын алкагында да колдонууну каалайбыз”, - деп белгиледи Анара Надирбекова.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан