Жогорку Сот Орусиянын жараны делген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун Орусиянын жараны деген жүйө менен мандатынан ажыратуу сунушталганы маалымдалган. Кийин Экономикалык иштер боюнча район аралык соту ага мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарганын БШКдан кабарлашкан эле. Бирок БШК соттун чечимине макул болбой, Жогорку Сотко даттанган.
Жогорку Сот район аралык соттун чечимин жокко чыгарып, аны мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы SUPER.KG'ге тастыктап, сот Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун күчүндө калтырганын белгиледи.
Өткөн жылдын 26-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекиткен. Андан кийин Жусупбек Коргонбай уулу БШКнын токтомун мыйзамсыз деп табуу жөнүндө арызы менен сотко кайрылган.

Жусупбек Коргонбай уулу "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун маалыматы боюнча, ал Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктаган. Кийинчерээк анын жактоочусу Орусиядан алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан