Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Өкмөт башчылыкка реалдуу программа сунуш кылган адам келиши керек"

8-февралда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, андагы депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай турганын айтышты. Эл өкүлдөрү өзгөчө инвестиция тартуу тармагынын иши өтө солгун экенин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендиги айтылып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП фракциясы өкмөттүн аткарган ишине канааттанган жок. Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка келүүгө ким татыктуу?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал билдиргендей, премьер-министрликке инвестиция тартуу, экономиканы көтөрүү боюнча сунуш айткан кишилер керек.

"Ишти алдыга жылдырам деген жакшы, реалдуу программаны сунуш кылган киши бул кызматка келиши зарыл. Премьер-министрликке инвестиция тартуу, экономиканы көтөрүү боюнча сунуш айткан кишилер керек.

Премьер-министрди тандоодо бизнесмендерди коюп көрүштү. Бирок алар деле эч нерсе жасай алган жок. Экономика эң кыйын абалда турганда Жантөрө Сатыбалдиев келген. Ошол киши кыйын менеджер экен, бюджетте акча тартыш болуп жатканда көтөрүп чыгып кеткен. Эң негизгиси өкмөт башчылыкка тажрыйбалуу киши келсе жакшы болмок", - дейт Молдалиев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков жана Аалы Карашевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан