Бишкектик "Дордой" футболдук клубуна бразилиялык Рамон Де Лима Саро аттуу футболчу кароого келди. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун маалымат катчысы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн 9-февралда Сан-Паулу-Стамбул-Бишкек каттамы менен бразилиялык Рамон Де Лима Саро "Дордойдун" машыгууларына катышуу үчүн келди. Борбордук коргоочу "Дордойдун" кароосунан өтүп, андан соң клубга кошулушу мүмкүн.
27 жаштагы Рамон Де Лима Саро профессионалдык карьерасында "Панара", "Дили Юнайтед", "Порто Тайбессе" жана "Бахрейн СК" клубдарында ойногон.
Белгилүү болгондой, буга чейин "Дордой" футболдук клубунун борбордук коргоочусу Тамирлан Козубаев малайзиялык ПКНС футболдук клубуна өткөн.