8-февралда УКМК Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-министри Талантбек Батыралиевге карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Маалымат коомчулукта талкуу жаратып, укук коргоочу Рита Карасартова кылмыш иши негизсиз деген пикирин айтып чыкты. Ошондой эле мурдагы министрди камоо аракеттери жүрсө ачкачылык жарыялай турганын SUPER.KG порталына билдирди.
Укук коргоочунун айтымында, Батыралиевге тагылып жаткан айыптар жалпы саламаттыкты сактоо тармагына чоң коркунучтарды алып келиши мүмкүн.
"Батыралиевдин учурунда уюмдар, активисттер кошулуп бири-бирине байланышкан дары-дармектерди жөнгө салган мыйзамдар кабыл алынган. Бизде мамлекеттик жөнгө салуу жагынан начар болгондуктан өлкөбүздү ар түрдүү сапатсыз дары-дармектер каптап кеткен. Батыралиев мунун баарына бөгөт коюп, учурда жөнөкөй антибиотикти сатып ала албайсың. Бул туура деп эсептейм. Анткени эл дарыканадан антибиотиктерди ичип жатып, кийин башка дарылар организмге таасир тийгизбей калат экен. Жөнгө салып, айрым кызматкерлерди иштен алып баштагандан кийин "бул туура эмес иштеп жатат" деп кыйкыргандар пайда болгон. Эми Батыралиев кызматтан кеткенден кийин саламаттыкты сактоо тармагындагы бардык маселелер чечилгенсип кыйкыргандар аз болуп калды. Азыр министрликке дары-дармек сатуу чөйрөсүндө эмгектенгендер келди. Мунун баары жакшы көрүнүш эмес. Батыралиев өз убагында чет өлкөдөн киргизген дары-дармектерге бийик стандарттарды киргизип койгон. Эми менин оюмча, Батыралиевди жаманатты кылса, ал киргизген прогрессивдүү нормаларды жокко чыгарып, кайрадан баары артка кетет.
Батыралиевге коюлуп жаткан айып гемодиализге болгон жаңы демилгелердин айланасында экен. Мен билген кишилер менен кабарлашып, ал келишимге Батыралиев келгенге чейин эле кол коюлуп, Жогорку Кеңеш менен ратификация болуптур. Аны Батыралиев жөн эле ишке ашырган. Мурун бир нече кишиге квота берчү, алар бекер гемодиализден өтүшчү. Батыралиев аны түп-тамыры менен алып салып, канча киши гемодиализге муктаж экенин карап чыгып, ар бир адамга мынча акча болот экен деп ваучердик системди ишке киргизген. Ар бир адам каалаган ооруканага барып, гемодиализден өтө берсе болот.
Өлкөбүздө жеке клиникалар дагы ачыла баштады. Кардарлар ваучердик систем менен колдонуп, конкуренция орун алып, гемодиализдин баасы арзандады. Учурда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн адистер келип, биздин тажрыйбабызды үйрөнүп жатышат. Ал эми УКМК учурда ошол кездеги доллардын кунун алып, азыркы кездеги доллардын кунуна бөлүп Батыралиев миллиондорду жеди деген маалыматты атайлап таратып жатышат. Анча миллиондорду "жеп салууга" болбойт. Чет элден келген акчанын ар бири эсепке алынат.
Азыр өлкөбүздө жеке клиникалар ачылып, жүрөктү дарылатуу, гемодиализдин баалары кыйла арзандады. Түркия менен келишим түзүлүп оорукана салынган. Эми ал оорукана бир жылдан бери жөн эле турат. Азыр ал жакта биздин жана түркиялык дарыгерлерибиз иштесе, химиотерапиянын жабдууларын алып келишсе бизге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан бейтаптар да келишмек. Биз азыр саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарын реформага түртүп, жакшы иштеген кызматкерлерди коргой ала албасак, анда өлкөбүздүн эртеңки келечеги жок.
Эми Батыралиевди камаганга аракет кылышса ошол УКМКнын алдында ачкачылык жарыялап чыкканга даярмын", - деп айтты Карасартова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-министри Талантбек Батыралиев "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде шектелип жатат. УКМКнын маалыматына ылайык, Батыралиев "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамына ылайык, бөйрөктүн 5-даражадагы оорусу менен жабыркаган бейтаптарды дарылоочу гемодиализди алууда мыйзамдагы талаптарды бузган. Бул факт боюнча аудит түзүлгөн. Мындан соң Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында мамлекеттик казынага 107 миллион сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.