Азизбек Замирбек уулу пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Кыргыз спортчусу Азизбек Замирбек уулу пауэрлифтинг боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды. Мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүп жатат. Анда 39 мамлекеттен барган 209 спортчу күч сынашууда.

16 жаштагы Замирбек уулу өспүрүмдөр арасында 54 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Биринчи аракетинде ал 70 килограмм оордукту көтөрүп, экинчи аракетинде ал 75 килограмм салмакты көтөргөнү менен, калыстар анын аракетин жокко чыгарып койду. Үчүнчү аракетинде Азизбек Замирбек уулу 75 килограммды көтөрүп, байгелүү орунга ээ болду.

2-орунда 80 килограммды көтөргөн БАЭнин спортчусу Албалуши Осама болсо, алтын байгенин ээси 98 килограммды көтөргөн бразилиялык Крузато Маркос Габриэль болду.

Аталган мелдеш 12-февралга чейин өтөт. Бул мелдеште дагы Максат Аргымбаев, Адилет Камчыбеков жана Жыргалбек Оросбаев күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан