Индияда жасалма аракка ууланып 104 адам каза болду

Индиянын Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында жасалма спирттик ичимдиктин айынан каза болгондордун саны 104кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Анда жазылгандай, сапатсыз, жасалма аракты даярдап сатканга шектүү делинип полиция тарабынан 215 адам кармалды. Мындан тышкары Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарынын жергиликтүү бийлиги аракты көмүскө жайда даярдап саткан жайларды издөөдө. Буга чейин 10 миң литрдей сапатсыз делген арак тартылып алынган.

Жогоруда аты аталган штаттын бир нече жашоочулары каза болгон адамдарды акыркы сапарга узатуу үчүн Баллупур кыштагына топтолушкан. Ал жерден сапатсыз аракты ичишип, андан кийин бир нече адам өзүн жаман сезе баштаган. Текшерүүлөр көрсөткөндөй, спирттик ичимдикте метанол бар экендиги аныкталган. Метанол адамдарды ууландырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2019-02-11 09:22:34
жаман болуптур атайын эле уулап салабы же эмне өткөндө эле пловтон ууланып канча адам өлүптүр эле
+2
Rifle_I
2019-02-11 09:46:16
Кыргыздарда күндө ууланат.
Мен иштеген оораканада 1 жумада 1-2 адам арактан ууланып өлөт эле. 2-3 жыл мурунб азыр ичпей калды к
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан