ЖЫЛНААМА, 11-ФЕВРАЛЬ: "Кыздар мени эмес, Жейкобду сүйгөн". "Күүгүм" тасмасы аркылуу кыздардын сүймөнчүгүнө айланган актёр Тейлор Лотнер 27 жашка толду

Америкалык актёр Тэйлор Даниель Лотнер бүгүн, 11-февралда 27 жашка толду. Ал АКШнын Мичиган штатында төрөлгөн. Апасы Дебора программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенген компаниялардын биринде иштесе, атасы Даниэль – учкуч болгон. Тейлор Лотнер менен карындашы Макенанын бала чагы Көпчүлүк чыгармачыл кесиптештеринен айырмаланып, ал бала чагында актёр болууну кыялданган эмес. 6 жашынан “Фабиано” каратэ мектебине бара баштаган. Бир жылдык машыгуусунан соң каратэ боюнча өткөн мелдеште жеңүүчү болууга жетишип, ал тургай 7 жолку чемпион Майк Чаттын өзүнөн сабак алууга мүмкүнчүлүк алган. Каратэни мыкты өздөштүрүп, көп өтпөй каратэ боюнча эл аралык мелдеште өз өлкөсүнүн намысын талашып, өспүрүмдөр арасында курал менен өнөр көрсөтүүдө чемпион болуп, 3 алтын медаль жеңип алган.

Окутуучусу Майк Чат 8 жашар баланын актёрлук да жөндөмү бар экенин сезип, “уулуңар жарнамаларга тартылып, тасма жаатында өзүн сынап көрүшү керек” деп Тэйлордун ата-энесин көндүргөн. Кубануу менен колдогон ата-эне уулунун роль аткарууга кызыкдар болуп калганын байкап, актёрлук чеберчилигин өстүрүүгө шарт түзүп, Мичигандан Лос-Анжелеске биротоло көчүп барышат.
Ал 9 жашында алгачкы жолу “Менин жубайым жана балдарым” (“Моя жена и дети”), “Берни Мактын шоусу” (“Шоу Берни Мака”), “Дэнни-арбак” (“Дэнни-призрак”) аттуу сериал, телешоулорго тартылган. Жаш таланттын үнүн жагымдуу деп жактырышып, кадр артында мультфильмдерде үн коштотуп да коюшчу. Чоң тасмадагы дебюту 2001-жылы “Өлтүргүч көлөкө” (“Тень-убийца”) деп аталган фантастикалык телефильмде болгон. Мындан кийин телесериалдарга да байма-бай катыша баштаган. Чыныгы атактуулукту ал “Шаркбой менен Арстандардын жоруктары” (“Приключения Шаркбоя и Львы”) деп аталган балдарга арналган фантастикалык боевиктен соң багынткан. “Дүңүнөн арзан” (“Оптом дешевле”) аттуу ал тартылган комедия дүйнөлүк прокатка чыгып, 128 миллион доллар каражат алып келген.
Жаш баланын шыгын продюсерлер да көз жаздымда калтырышкан эмес. 2008-жылы "Күүгүм" мистикалык тасмасына тартылууга сунуш алып, тасмада Жейктин образын жаратуу үчүн атайын машыгуудан өтөт. Анткени режиссёрдун талабы боюнча Жейкоб Блэк булчуңдуу жана күчтүү болушу керек эле. Режиссёрлор Тэйлордун чачын өстүрүп, күчтүү болуп чыга келишине ишенишпей, Жейкобдун ролуна башка да талапкерлерди сынап көрүшкөн. Анткен менен кыска убакыттын ичинде 13 килограммга толуп, тартуучу топту таң калтыра алган. "Тасмага тартылып жатканда кийме чачым башымды кычыштырып, жүдөткөнүн унутпайм" деп эскерген. Ошондой эле актёр "Күүгүм" тасмасында жараткан образы жөнүндө төмөнкүдөй комментарий берген: "Көпчүлүк кыздар мен чыныгы жашоодо кандай экенимди билбей эле сүйүп калгандарына таң калам. Чынында алар мени эмес, Жейкобду сүйүшөт".
Актёр тууралуу кызыктуу маалыматтар:
  • Жактырган түсү - ачык көк;
  • Кытай ашканасын жакшы көрөт;
  • Канында француздун, нидерланддын, немистин каны бар.

Тейлор Лотнер 2018-жылы "Куку" аттуу популярдуу сериалдын 4 жана 5-сезонуна тартылган. Анда белгилүү каармандын ролун жараткан.

11-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Anaraalieva
2019-02-12 11:40:29
да,чын эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан