super.kg logo

Жети баланын ичинен жалгыз көзү соо төрөлгөн Ширин Орозобаевага Индияда операция жасалып, ийгиликсиз болуп калды. Маркумдун сөөгү келе элек

 

60 жаштагы Венера Казиеванын 5 кыз, 2 уулу бар. Жолдошу экөөнүн тең көздөрүнүн көрүүсү начар болгондуктан бул илдет тукум кууп, 4 кызы, бир уулу төрөлгөндө эле көрүүсү начар болгон. 14 небересинин жетөөнө бул оору жабышканын айткан Казиева тууралуу SUPER.KG порталы буга чейин жазып чыккан.

Ширин Орозобаеванын сиңдиси Гүлзада МамиеваВенера Казиеванын экинчи кызы Ширин Орозобаева дени сак төрөлгөн. Бирок ал кийинчерээк ата-энесинин кароосунда төшөктө жатып калган. 2004-жылдан бери альвеококкоз оорусу менен алышып келе жаткан Ширин Орозобаева оорудан айыга албай каза болгондугун маркумдун сиңдиси Гүлзада Мамиева билдирди.

"Эжем баарыбыздын көзүбүз болчу. Ал 9-февралда Индияда каза болду. Ага жардам чогулуп, Индиядан 2 жолу операция жасалган. Азыр сөөгүн алып келише элек. Чоң үмүтүбүз бар болчу. Караңгыны жарык кылган жалгыз көзүбүздөн айрылдык". Гүлзада Мамиева ыйлап, мындан башка маалымат бере алган жок.

Ширин Орозобаевага буга чейин операция жасатканда боорунун төрттөн эки бөлүгүн кесип салышкан. “Боор өсөт, калыбына келет” дешкен. Бирок боор менен кошо альвеококкоз да кайра өсүп кеткен. Ал кан тамырларда болгондуктан врачтар ала албай коюшкан. 2013-жылы боору сууга толуп кетет. Суу алдырып, табыптарга да барып жүрүп суу өзүнөн-өзү тартылып кеткен.

"Өзүмдү жакшы сезе баштагандыктан боорду алмаштыруу тууралуу ойлонбой да калгам. Кийин кайра дагы боорго суу толуп, врачтар ачып көрүп, “болбой калыптыр” деп кайра жаап коюшту. Боордон суу ала беришти. Жыйынтык болбогондон кийин сууну сыртка чыгарып туруучу түтүк салышты. 2014-жылдан бери түтүк менен жашап жүрөм.

2013-жылы боорду алмаштыруу үчүн Түркияга квотага илингем. Бирок донор жок болчу, туугандарымдын баары майып да. 25 миң долларыбыз да жок болчу. Тагдырыма баш ийип жашай бердим. Балам 18ге чыккандан кийин “мен донор болуп берем, бооруңузду алмаштырыңыз” дей баштады. Эки баламдын көзүн жалдыратып аракет кылбай отуруп алгым келген жок. Ошондуктан элге жардам сурап кайрылууга туура келди", - деген Орозобаева.

"Төшөктө жатканыма 2 айга жакындап калды. Мен кыйналган сайын ата-энем эзилет. Кыйын күндө ата-эне гана күйүп жаныңда болот экен. Ооруп баштаганда жолдошум таштап кеткен. 8 жылдан бери кайра кайрылып балдарын да сураган жок. Майыптыгым боюнча 2000 сом пенсия, кызымды жалгыз тарбиялаганым үчүн 800 сом жөлөк пул алам. Ата-энем менен бир туугандарымдын пенсия, жөлөк пулдарына жашап, дарыланып жатам. Январь айында кайрымдуу адамдардын жардамы менен Индияга операцияга кетип жатам. Бирок каражат чогулбай жатат. Операцияга болжол менен 26 миң доллардын тегерегиндеги каражат керек экен, азыр так айта албай жатышат", - деп ушул жылдын январь айында интервью берген.

Тилекке каршы, Ширин Орозобаева операциядан ийгиликсиз чыгып, арабыздан кетип калды...



Майып эне: "Үй-бүлөдө 8 адам майыппыз. 7 неберем да бизди тартып калды"

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
Super TV
16.01.2019. 00:05 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-12-2018
Соӊку аракети:
19-02-2019 08:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке бул Жака келбесез болбойт!! Азда болсо жардам беребиз буйруса
11.02.2019. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
235
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
16-02-2019 19:55
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жайы жаннатта болсун! Ден соолугубуздун чындыгына шугур кылып жашайлы
11.02.2019. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
20-02-2019 11:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+4
Жайы жаннаттан болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122569;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: