Маалыматка караганда, өрт түтүн чыга турган морду жасоодогу өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандан улам келип чыккан.
"Үйдүн шыбы мордон келчү ысыктан корголгон эмес. Бул мешти колдонууда өрттүн чыгышына себеп болгон. Үйдүн чатыры күйүп, кулап түшкөн", - деп жазылат маалыматта.
4-февралда Астананын Көктал-1 конушунда жеке турак үй өрттөнүп кеткен. Мунун кесепетинен бир үй-бүлө беш баласынан ажырап калган. Алардын баары кыздар, эң улуусу 13 жашта, кичүүсү болгону үч айлык экени маалым болгон. Өрт түнкү саат 2-3төр чамасында чыгып, ичиндегилерди куткарууга мүмкүн болбой калган. Бул учурда балдар үйдө жалгыз болушкан. Ал эми ата-энеси жумушта болгон.
Учурда Астанада көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө текшерүү жүргүзүлүп, истүү газ тууралуу кабар берип турчу атайын жабдуулар орнотула баштаган.