Орусиянын Свердлов облустук Жаштар саясаты департаментинин башчысы Ольга Глацких "силерден төрө деп эч ким суранбайт" деп айткан сөзүнөн кийин кызматынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, ал мындай орой сөзү үчүн буга чейин жетекчисинен эскертүү да алган.
"Эми мен чиновник эмесмин, кызматтан бошотулдум. Менин сөзүм кимдир бирөөнү капа кылса кечирим сурайм. Бул сөз атайын кимдир бирөөгө даректелген эмес", - деп билдирген ал. Глацких бул орунга 2016-жылы келген, кызматтан кетүүсүнүн дагы бир себеби катары - жетекчисине да бул сөздөн кийин кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеп, иштен кетсе да жаштар менен иштешүүнү уланта турганын кошумчалаган.
Ал жаш ыктыярчылар менен жолугушуу өткөрүп жатып: "Мамлекет силерге бир нерсе кылып бергенге милдеттүү эмес. Силердин энелериңерди да төрө деп эч ким суранган эмес", - деп айтып жаштарды өз көйгөйлөрүн өздөрү чечүүнү үйрөнүүгө чакырган. Ольга Глацких 2014-жылы көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону болгон.