Эл өкүлү президенттикке, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге талаптарды күчөтүүнү сунуштап жатат

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” мыйзам долбоору каралып жатат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кенжебек Бокоевдин айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге карата талаптарды күчөтүү үчүн иштелип чыкты.

“Соттуулугу жоюлгандыгына карабастан оор же өзгөчө оор кылмышы үчүн соттуулугу бар адамдар, ошондой эле жогорку билими жок адамдар президенттикке жана Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер боло албайт деген норма киргизилүүдө. Мындай чектөөлөрдү киргизүүнүн максаты - коомдун кызыкчылыктарын, улуттук коопсуздукту, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле бийликтин криминалдашуусун бөгөттөө болуп саналат”, - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан