"Жол боюнда сувенир саткан дүкөндөрдү эмес, дааратканаларды көбөйтүү керек" деген сунушту комитет жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов билдирди.
"Азыр жолдун боюнда сувенир жана майда-чүйдө нерселерди саткан дүкөндөр көп. Ал эми дааратканалар жетишсиз. Дааратканалардын санын көбөйтүү керек. Ысык чай иче турган жайларды куруу керек. Ооба, жолдорду оңдоо керек, бирок 1 чакырым жерди асфальтташ үчүн 1 миллиондон ашуун акча сарпталып жатат. Келген туристтерге бардык тараптан ыңгайлуу болушу зарыл, кыштын күнү жылынып, отура турган жайлары да болушу керек", - деди депутат.
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.