Кубанычбек Кадыров менен
Бектур Асанов бошотулду. Бул тууралуу мурдагы акыйкатчы
Турсунбек Акун абактагы саясатчылардын маселеси боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди.
"Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бүгүн абактан бошотулду. Жаңы эле жактоочусу чалып сүйүнчүлөдү. Буюрса, түштөн кийин өздөрү менен жолугушабыз. Көпчүлүк билгендей, алар "бийликти күч колдонуу аркылуу басып алуу жана региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталып жаткан. Мунун баары калп каралоо экендиги айкын болчу. Акыйкаттык бар экен, бүгүн алар абактан бошотулду", - дейт Акун.
Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча тастыктай элек.
Буга чейин "Элдик парламенттин" лидерлеринин бири
Бекболот Талгарбековдун жаза мөөнөтү кыскартылганы
маалымдалган.