“БШКнын айрым мүчөлөрү маалымат каражаттарына ачык эле 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоого азыркы системди өзгөртпөй барабыз деген оюн айтып жатышат”, - деп бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Ал белгилегендей, БШК кандай багытта шайлоо өтө турганын аныктай албайт. Депутат бул аша чапкандык экенин айтты. Бул боюнча эл өкүлү БШКга сын-пикир айтып коюу керектигин билдирди.
Депутат Канат Керезбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов жыйында отурганын айтып, ал бул тууралуу маалыматты мүчөлөргө жеткире турганын кошумчалады.