Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна депутат Дастан Бекешев жооп берди.
Ал бул демилге 2013-жылы эле депутаттар тарабынан көтөрүлүп, бирок ишке ашпай калганын айтты.
“Ачык айтуу керек, “Жүк-200” маселесин киргизүү механизми бизде иштебейт. Мисалы, бир айга чет жакка чыгып жаткан жаран “эмнеге мен камсыздандыруу төлөмүн төлөшүм керек?” десе, экинчиси дагы бир нерсени айтат. Мына ушундай иштерди миграция кызматы кантип аныктайт? Ушул жактан көйгөй жаралат. Аталган демилге туура эле, бирок иштетүү механизмин таба албай жатабыз. Эгерде парламентке келип кабыл алынса деле менин жеке пикиримде иштебейт”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, Кубанычбек Нурматов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов жана экономист Улук Кыдырбаевдин пикири бул шилтемеде.