Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов жооп берди.
Эл өкүлү Кыргыз өлкөсүнө акча каражатын жөнөтүп жаткан мигранттарга өкмөт жардам берсе болмок деген пикирин айтты.
"Чет өлкөгө чыккандар ар кандай кырсыктарга учурап, түрдүү жаракаттарды алып, айрымдары "Жүк-200" болуп келип жатышат. Ушундан улам Миграция кызматы камсыздандырууну сунуштап жатышкандыр. Мигранттардан бизге 2 миллиард 700 миллион доллардай каражат келет экен. Биздин мигранттарга кылган мамилебиз туура эмес болуп жатат. Каза болгон жарандарыбыздын сөөгүн алып келүүгө бере турган каражат - 50 миң сом. Аны алуу үчүн туугандары ар кандай маалымдамаларды чогултушу керек. Мигранттар үйүндө акчасы жок болгон үчүн, кыйналгандыгынан чет өлкөгө кетип жатышат да. "Өзүбүз деле колдоо көрсөтөлү" деп өкмөттөн бериле турган каражатты 100 миң сомго чейин көтөрүүнү да сунуштаган элем. Ал үчүн токтомду өзгөртүп, кайра карап чыгуу керек", - деди Нурматов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Руслан Казакбаев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов жана экономист Улук Кыдырбаевдин пикири бул шилтемеде.