Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна саясий ишмер Темирбек Асанбеков жооп берди.
Ал мигранттарга Кыргыз жеринде жумуш орундарын түзүп, экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылуу керек деген пикирин айтты.
"Эмгек миграция агымынын пайда болуу себеби - улуттук экономикабыздын чабалдыгы. Ал маселе аткаруу бийлигинин сапатсыз иштөөсүнөн, мамлекеттик институттардын сабатсыздыгынан пайда болот. Өздөрүнүн социалдык-экономикалык милдеттерин татыктуу аткара албай, карапайым элди миграцияга чыгууга мажбурлап жаткан бийлик өкүлдөрүнүн акылга сыйбаган сунуштары мамлекетибиздин экономикалык шарттары өтө оор коркунучтарга келип такалганын далилдейт. Бул маселени чечүүнүн туура жолу улуттук экономикабыздын өнүгүүсүнө илимий аныктоолор аркылуу шарт түзүп, социалдык жактан кыйналып жаткан жарандарыбызды татыктуу иш орундары менен камсыз кылуу. Ошондо гана кыргыз элинин улуттук намысын кемсинткен эл аралык уяттан кутулабыз. Мазмунсуз сунуштарды көрсөткөн бийлик өкүлдөрүнө отставкага кетүүнү сунуштайт элем", - деди Асанбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Руслан Казакбаев, Кубанычбек Нурматов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов жана экономист Улук Кыдырбаевдин пикири бул шилтемеде.