Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Бул баягы “түкүрүк” айыптай болуп мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгүнө доо кетирет"

Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш коомчулукта талкуу жаратып, өз өмүрүн камсыздандыруу үчүн төлөм алуу карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу деген пикирлер айтылды. Кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн "Замандаш" ассоциациясы "Демилге жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле, бизнес-схемага окшоп турат" деп билдирүү таратты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Милдеттүү камсыздандыруу үчүн мигранттардан 300 сом алуу сунушталды. Бул мамлекеттин жумушсуздуктан жапа чегип, чет жактарга иш издеп кеткен элдин эсебинен казынага акча чогултуу аракетиби?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал “Жүк-200” маселеси жөнгө салынып кетерине ишенбей турганын айтты.

“Азыр бар мыйзамда салыктарды чогулта албай жаткан өкмөт, жаңы демилгеленип жаткан “Жүк-200” маселесин жөнгө салып кетерине көзүм жетпейт. Бул баягы “түкүрүк” айыптай болуп мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгүнө доо кетирет. Элге жаңы салык же жаңы буйрук берердин алдында өкмөт менен Жогорку Кеңеш өздөрүнүн мыйзамда жазылган функцияларын аткарышса жакшы болмок. Элдин ишенимин алгандан кийин гана жаңы демилге киргизсе болот”, - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Руслан Казакбаев, Кубанычбек Нурматов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов жана экономист Улук Кыдырбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан