Белгилүү актёр Ричард Гир 69 жашында экинчи ирет ата болду

Белгилүү америкалык актёр Ричард Гир экинчи ирет ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 69 жаштагы актёрго 35 жаштагы жубайы Александра Сильва уул төрөп берди. Азырынча жубайлар коомчулукка наристеге кандай ысым ыйгарганын айтыша элек. Ричард Гир Александра Сильвага 2018-жылы үйлөнгөн. Бир нече айдан кийин жалпыга маалымдоо каражаттары актёрдун жубайынын кош бойлуу экенин жазып чыгышкан.

Буга чейин Ричард Гирдин биринчи жубайы актриса жана модель Кэри Лоуэллден Гомер аттуу уулу болсо, ал эми Александра Сильванын мурунку жолдошунан Альберт аттуу баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан