12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды.
Бул суроого жооп берген юрист Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев акталып чыгышы керек деген пикирин айтты.
"Саясатчыларды абактан бийлик чыгарган жок. Алар мыйзамдын негизинде эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда чыгышты. Эч ким акталган жок. Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү жок экени далилденди. Аларды актап чыгаруу керек. 12-февралда саясий туткундардын ишин кайра кароо боюнча жыйын өттү. Ал жерде мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүү керектигин, ага саясий туткундардын жактоочулары кириши зарылдыгын айттык. Комиссия саясатчылар мыйзамсыз камакка алынганын, ишти кайра карап чыгуу керектигин аныктап чыкмак. Эгер жыйында кабыл алынган чечимдер аткарылбаса ошол маселе боюнча апрель айында "Ала-Тоо" аянтында курултай өтөт. Садыр Жапаровдун иши 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекстер боюнча кайра каралышын айтып жатышкан. Кийин кайра 180 градуска бурулуп "кайра кароого жагдайлар жок" деп коюшту", - деди Шарабидин Токтосунов.
Саясатчы Адахан Мадумаров, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучулар Жолборс Жоробеков, Сейтек Качкынбаев, мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акун, саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев, жарандык активист Айбек Мырзанын пикирлери бул шилтемеде.