Депутат Башкы прокурорго: "Сапар Исаков боюнча билдирүүңөрдө саясий баа бериптирсиңер, силер саясатчы эмессиңер"

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев: "Сапар Исаков боюнча билдирүүңөрдө саясий баа бериптирсиңер, силер саясатчы эмессиңер", - деп билдирди.

"Башкы прокуратура өлкөдө мыйзамды көзөмөлдөөчү эң башкы орган. Силердин билдирүүңөр бир гана фактыга, мыйзамдык гана негизге таянып жасалышы керек. Билдирүүңөрдө "Сапар Исаков карьералык жактан тез өсүүнү көздөгөн, соңку билдирүүлөр саясий поппулизм, жагынууну көздөгөн" деп жүрөт. Бул саясий баа болуп эсептелинет, ушул нерсени кийинкиде эске алсаңар. Силер саясатчы эмессиңер, бул башкы прокуратуранын деңгээли болбошу керек. Мурда Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева келип Маевскийдин ар бир сөзүн мисал кылып, кийин уят болгонун өзүңөр көрдүңөр", - деди Жанар Акаев.

"386 миллиондон 111 миллион долларды зыян келтирилген деп таптык. Азыр докладда көрсөтүлгөндөй жалпы эсеби доллар менен айтканда 6 миллион камакка алыныптыр. Калган 105 миллион доллар мамлекеттик казынага түшөбү?" - деди Акаев.

Буга УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов
"Бул тармакта иш жүрүп жатат, бул оперативдик жумуш. Уруксат болсо кийинчерээк толук жооп беребиз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан