Депутат "Аскарбек Шадиев боюнча соттун чечими чыкса, аны экстрадициялоодо көйгөй жаралбайбы?" деп сурады

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев "Аскарбек Шадиев боюнча соттун чечими чыкса, аны экстрадициялоодо көйгөй жаралбайбы?" деп сурады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаиловдун айтымында, Шадиев боюнча материалдарды 3 жолу Интерполго жиберишкен. "Бүгүнкү күндө алар бул маселени карап жатат. Соттун чечимин күтүп жатабыз", - деди ал.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Америка менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда укуктук жардам берүү боюнча эч кандай конвенциялар жок экенин эске алыш керек", - дейт ал.

28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы "Домодедово" аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткени 1-июнда аныкталган. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан