"Элдин акчасын өкмөт туура колдонуп жатабы же жокпу, коомчулук ишенбейт" дейт саясий серепчи Нурсултан Акылбек

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы уктурулду.

Анын жүрүшүндө, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган насыядан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын көтөрүүгө туура келет", - деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бийлик коррупциянын айынан мамлекетке келтирилген зыяндарды тарифтерди кымбаттатуу менен чечүүнү сунуштаганы туурабы?" деген собол салды.

Бул суроого өзүнүн пикирин билдирген саясий серепчи Нурсултан Акылбек электр энергияга болгон бааны көтөргөнгө коомчулук даяр эмес экенин белгиледи.

"Тарифтер көтөрүлсө сөзсүз эл арасында нааразычылыктар болот. Кыргыз өлкөсүнүн энергетикалык системи коррупцияга малынган. Качан ал системди реформалап, болгон коррупцияны жойгондо гана тарифтерди көтөргөндү ойлосо болот. Тарифтин көтөрүлүүсү азык-түлүк жана башка күнүмдүк пайдалануучу нерселерге болгон бааны да жогорулатат. Шаарда жашаган кээ бир жарандарга тарифтердин көтөрүлгөнү чоң көйгөй эмес болсо, социалдык жактан муктаж жарандарыбызга жана айылда жашаган элге чоң кыйынчылык жаратат.

Элдин акчасын өкмөт туура колдонуп жатканына коомчулукта ишенич жок. Канчалаган насыялар туура эмес колдонулуп, элдин моюнунда илинип турат. Анан ЖЭБди оңдоп-түзөөдө бир нече миллион доллар уурдалды деп жана аны кыргыз эли төлөйт деген туура эмес. Ал уурдалган акчасын кайтарып алууга аракет кылуу керек. Бул көзөмөлдөө органынын милдети", - деди Акылбек.

Эксперт Расул Умбеталиев, депутаттар Кенжебек Бокоев, Аида Исмаилова, Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан