Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу туруна даярданып баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.
Анын айтымында, тандап алуу туру Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 31-марттан 6-апрелге чейин уланат. Ага 6 команда катышып, 1 команда Дүйнө биринчилигине жолдомо алат. Кыргыз курамасынанан тышкары бул мелдеште БАЭ, Таиланд, Гонконг, Кувейт, Босния жана Герцеговинанын курама командалары катышат.
Кыргыз улуттук курама командасы учурда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Жыйындар 14-февралда башталып, 4-мартка чейин созулат. Жыйынга чакырылган спортчулардын тизмесинде учурда 29 спортчу бар, алардан 20 спортчу тандалып Дүйнө чемпиондугуна барышат.
Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын кеңейтилген тизмеси: