Бүгүн, 15-февралда эстрада ырчысы Акбар Сүйүнбаев 34 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилей турганын айтты.
"Туулган күнүм эң сонун маанайда өтүп жатат. Албетте, эң биринчилерден болуп үй-бүлөм куттуктады. Апам дагы жанымда болгондуктан таң эрте бири-бирибизди куттуктадык. Андан кийин бир туугандарым, досторум, санаалаштарым куттуктап маанайымды көтөрүштү. Куттуктап чалгандардын дале аягы суюла элек. Ал эми кечинде деле үйдө үй-бүлөм менен бирге болом. Мурункудай шаан-шөкөттүү майрам кылууга деле кызыкпай калдык", - дейт ырчы.
Ал эми чыгармачылыгы тууралуу буларга токтолду. "Азыркы учурда концерттик костюмдарымды жаңыртып тиктирип жатабыз. Буюрса, ушул жылы чыгармачылыкка билек түрө киришейин деп жатам. Азыркы учурда 3 жаңы ырдын үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, жакын арада күбө болосуздар".
Акбар Сүйүнбаев жубайы Кундуз Казыбек кызына 2010-жылы баш кошкон. Жубайлар учурда Акбата жана Актилек аттуу 2 уулдун ата-энеси.
Белгилей кетсек, эстрада ырчысы Акбар Сүйүнбаев 1985-жылы 15-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында туулган. Аталган айылда 8-класска чейин окуп, андан соң Кочкор райондук №15-кесиптик лицейинде ветеринардык окуу жайын аяктаган. "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2006-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ырчы алгач "Сезим" аттуу ырын ырдап жүрүп, Султан Садыралиев менен биргеликте аткарган дуэти "Махабатым" ыры менен чоң сахнага чыгып, эл оозуна алынган. Репертуарында "Ата-эне", "Көздөрүң", "Махабат көктөмү", "Кечирбейм", "Классташым", "Гүлүм", "Достор" ж.б 30га жакын ырлары бар.
15-февралдын жылнаамасы.