Бүгүн, 15-февралда өкмөттүн жыйыны өттү. Аталган жыйында кетирген кемчиликтери үчүн министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөгүш жана эскертүүлөрдү жарыялады.
Сөгүш жарыялангандардын тизмеси:
- Экономика министри Олег Панкратов;
- Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
- Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу;
- Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов;
- Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова;
- Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөгүш жарыяланды.
Эскертүү алган министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин тизмеси:
- Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев;
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев;
- Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов;
- Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиев;
- Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.