Гүлнара Каримованын уулу апасынын ден соолугу начар экенин айтып, Мирзийоевден жардам сурады

14-февралда Өзбекстандын маркум президентинин Лондондо жашап жүргөн улуу небереси Ислам Каримов үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын саламаттыгы начар экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ислам Каримов апасынын ден соолугу начарласа дагы ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын айтып чыкты.

Ал социалдык баракчасы аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге кайрылып, апасынын айланасындагы абалга көңүл буруп коюусун өтүндү.

"Белгисиз себептерден улам апама басым болуп, дарыгерлерди киргизбей жатышат. Кандайдыр бир күчтөр жетекчиликти жаманатты кылууга аракет кылышууда. Биздин ишибиздин жабылышын каалабай жаткандай.

Кичинекей кезимден бери жакшы билген адам катары, өзүн чоң атамдын шакирти катары эсептеген президентке кайрылгым келе., Карындашым экөөбүздү угуп, бул маселеге көңүл буруп коюңузчу!" - дейт Каримованын уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nursbaike
2019-02-16 08:58:10
Грамотно кайрылуу,эли бийликти сыйлайт президенттин баласы болсо да биздикилер ызы чуу Мен кыйын Мен акылдуу меники туура .
+3
Wold
2019-02-16 10:02:23
Фираундун неберелери узбекистанда эмес экенда.
0
Rifle_I
2019-02-16 10:29:18
Баардык нерсенин башы аягы болот. Учурунда дүйнөнү сатып ала турган бай адам болгон.
Биздин жепжутарлардын да доору бүтсө керек Кудай буйруса .
+16
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан