Лимон бетти агартып, майда бырыштарды кетирет

Кадимки биз жеп жүргөн лимондун косметологияда орду чоң. Анткени ал аялзатына сулуулук тартуулаган цитрус өсүмдүгү.

Лимон адамдын организминдеги керексиз заттарды тазалап чыгарат. Анын курамында антиоксиданттар, эфир майлары жана С витамини бар. Ал теринин тонун жакшыртып, энергия берет.

Мына дал ушул лимондон үй шартында жасалган бетке коюлуучу маскалардын түрлөрүн тизмектейбиз:

Бетти сергитет

Бир чай кашык лимондун ширесине бал аралаштырып жылытуу керек. Аны таза жуулган бетке жука сүйкөп, акырындан бетти укалоо талап кылынат. Масканы 10-15 мүнөт коюуга болот. Андан соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Бул бетти сергитип, жылмакай кылат.

Бырыштарды кетирет

Лимон ширеси менен эфир майын аралаштырып жумасына үч ирет бетке маска койсо болот. Бул беттеги майда бырыштарды жазат.

Майда кара тактарды кетирет

Бир лимонду данектеринен тазалап эзип, үстүнө бир стакан суу куюп, жатарда аны менен бетти сүртүп туруу зарыл. Бул беттеги майда сепкилдерди жана кара тактарды кетирет. Күнүнө бир жолудан 3 жума койсо болот. Эгер жакшы жыйынтык бербесе бир апта бетти эс алдырып дагы 3 апта колдонуу керек.

Көздүн алдындагы майда бырыштарды кетирет

Эртең менен бир литр жылымык сууга 1 чоң аш кашык лимон ширесин кошуп, бетти жууп туруу керек. Көздүн алдына жаңы түшүп келе жаткан майда бырыштарды жазат.

Агартат

Лимон ширесине бир жумуртканын агын кошуп бетке 10 мүнөт сүйкөп, андан соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Жумуртканын ордуна бал колдонсо да болот.

Петрушка чөбүнүн жакшы кайнатылган кайнатмасы менен теңме-тең аралаштырып, демдеп коюу керек. Аны менен да бетти күнүнө бир жолудан сүртүү зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Wold
2019-02-16 21:59:06
Эркектер колдонсода болобу? Же только аялдар эле колдонуш керекпи?.
+3
Asalim-99
2019-02-16 23:15:36
Wold, эркектер колдонсо болот албетте, биздин эр азаматтардын да беттери таза жана тунук болуусу жагымдуу да
+2
raykray
2019-02-17 00:44:21
Кургак беттерге кобунчо туура келбейт лимон))
+2
Modric10
2019-02-17 23:59:44
Менин женем 5жылдан бери суртот деги онолбоду
+1
Holboeva92
2019-02-18 15:49:26
Modric10,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан