Футболчу Гүлжигит Алыкулов беларустук "Неман" клубу менен келишим түздү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук жаштар курамасынын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов беларустук "Неман" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынан билдиришти.

Оюнчу келишимди 3 жылга түзгөн. "Неман" футбол клубу жакты, атмосферасы жакшы экен. Мындан тышкары Гродно шаары да жакты. Бир канча текшерүүдөн өтүп, эки ирет гол киргиздим. Марттын аягында өтө турчу чемпиондукту чыдамсыздык менен күтүп жатам. Өзүмдүн командама жардам берип, алдыга койгон максаттарыма жетишим керек", - деди Алыкулов.

Аталган футболдук клуб 1992-жылы негизделгенден бери Беларустун Жогорку Лигасында ойнойт. 1993-жылы Беларус кубогун жеңип алышкан. 2002-жылкы чемпиондукта экинчи орунду алышкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-02-16 17:25:28
Жакшы жакшы,биздин футболчулардын ити чоп жей баштады Азия кубогунан кийин,опыт топтоп келе бергиле кайсы олкого барбасанар да.Биздин футболдун келечеги учун !
+1
Karasuu27
2019-02-17 02:43:10
Азамат братишка жакшы ойно ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан