"Жаман дей берсеңер жаман боло берет", - деп бүгүн, 18-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты. Мындай пикирин вице-премьер депутат Кенжебек Бокоевдин айыл чарба министрине айткан сын-пикиринен улам билдирди.
"Жаман дей берсеңер жаман боло берет. Абал анчалык начар эмес. Жылыш болуп жатканы көрүнүп жатат. 27 жылдан бери чогулган көйгөйдү чечүү оңой эмес экен. Ага карабастан маселелер акырындан чечилип жатат", - деди Боронов.
Буга комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров: "Сиз биздин комитетке активдүү катышсаңыз кандай иштер аткарылып жатканы боюнча маалыматыңыз болмок. Сизди бул жыйындарга көбүрөөк катышууга чакырам", - деди.
Депутат Мирлан Бакиров: "20-23 жылда иш болгон эмес. Акыркы 3 жылда иштер жасалып жатат. Жумуш башталды, башталбай койгон жок. Кандай каражат болбосун мамлекеттик казынага түшүп жатат", - деди.