Ырчы Омар кыздуу болду

Ырчы Омар Жанышев кыздуу болду. Маалыматты ата статусуна ээ болгон Омар социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Белгилүү болгондой, ырчынын жубайы Диана 13-февралдын таңында көз жарган.

"Кудайга ыраазымын, бардык досторума, ата-энеме жана мени ата кылган сүйүктүү жарыма рахмат", - деп жазат ырчы. Маалыматтарга караганда, наристенин салмагы 3 килограмм 560 грамм, бою 47 сантиметр болуп төрөлгөн. Бала жытына мас болуп турган үй-бүлө наристеге Арууке деген ысым ыйгарышкан.

Омар 2017-жылдын 2-декабрында борбордогу медициналык окуу жайда окуган Диана аттуу кызга баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sumaika
2019-02-18 17:23:52
Омуру,ден соолугу,ыйманы мн берсин кудайым.2018-ж.декабрда уйлонгон дейсинерби??
+3
monok2001
2019-02-18 17:25:46
Аруукенин артынан дагы коп уул кыз келсин
+8
Nurzada_0111
2019-02-18 17:30:58
Омуру менен болсун
+3
vikidiki
2019-02-18 17:46:32
Бакты таалайлуу кыздардан болсун!
+3
altyn2015
2019-02-18 18:53:24
Бешик боо бек болсун!
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-18 19:25:13
Аллахым эки дуйно бактылуулук насип этсин.
+2
bessmertiy
2019-02-18 20:25:56
Куттуктайм! Өмүрү менен берген болсун!
Машинасына кыргызча эле жазса болбойбу?
0
Skarlett-Skarlett
2019-02-18 21:08:26
Бешик боонор бек болсун!Ак жолтой наристе болсун!
+2
kyrgyzstan00
2019-02-18 22:00:59
Жакшы жанылык ,омуру узун кыз болсун!Аябай суйунгон элем боюнда бар десе,бактылуу балалыкта чонойсун!Омар отто жонокой,адамгерчиликтуу бала экен.Москвада кызым,суротко тушуп алайынчы десе жакшына кулуп тушсо ичим аябай жылыган,азыр окуп чын конулумон суйунуп,ыйлап алдым.....
+5
elmira.
2019-02-18 23:50:16
Аллахым кызынын омурун,ден соолугун берсин...Омар жакшыы инсаан...
+1
Sajakat14
2019-02-19 00:20:17
Сонун ат экен Арууке деген! Рахмат кызыңардын атын кыргызча койгонуңарга абдан сүйүндүм! ❤️Бешик бооңор бек болсун!
0
Sajakat14
2019-02-19 00:21:35
Кыздуу болсом келечекте Арууке коём буйруса
0
katerina.li
2019-02-19 09:55:37
Бактылуу кыз болсун. Торт сонун болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан