Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Бажыдагы коррупцияны жоюуга бийликтин алы жетпей жатат"

Жакында Сочи шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселе, бажы тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды. Орусиянын президентинин Кыргыз бажысындагы көйгөйлөр тууралуу айтканы боюнча интернет колдонуучулар арасында "жадакалса Орусия биздин бажы кызматкерлердин коррупцияга белчесинен батышы боюнча кооптонуп баштады" деген пикирлер жазылды.

Кыргыз Бажы кызматындагы коррупция тууралуу байма-бай айтылып келет. Бирок аталган кызматты реформалоо же коррупционерлер менен күрөшүү жаатында бийлик чечкиндүү кадамдарды жасай элек.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Орусиянын президенти Путин ЕАЭБ алкагында Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын дагы кыйытты. Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы жоюуга бийликтин алы жетпейби?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал акыркы жылдары бажы тармагында терс көрүнүштөр күч алганын айтты.

"Алы жетпей жатат, чынын айтуу керек. Акыркы жылдары бажы тармагында эч кандай жылыш болгон жок. Тескерисинче, бажы тармагында терс көрүнүштөр күч алды. Буга чейин Кыргыздын Бажы көзөмөлүнүн ишине канааттанбай жатканын коңшу Казакстан айтып чыккан. Мына учурда Орусия тарап да ушул нерсени айтып чыкты. Кандай болбосун ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүчөлүгүнө кирген соң тиешелүү талаптарды аткаруу керек", - деди Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Абдывахаб Нурбаев, саясий серепчи Марс Сариев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев жана Даниел Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан