Депутат: "Өлкөдөгү 380 миң чиновникти ишке жарамдуу 1 миллион жаран багып жатат"

"380 миң чиновник, анын ичинде президенттен баштап күзөтчүгө чейин айлык алат. Аларды ишке жарамдуу 1 миллион адам багып жатат", - деп Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

"Биздин өлкөнүн бюджети 150 миллиард сом болсо ал акчанын баары чиновниктерди кароого кетип жатат. Сыртка иштегени 1 миллион адам чыгып кетти, ички миграциянын айынан айылдарда адам аз. Биз дагы деле Советтер Союзунан калган түшүнүк менен жашап жатабыз. Качан өзгөрүү болот, мен ушуну такыр түшүнбөй койдум. Сиздерге чейин эле ушундай болуп келген, силерди күнөөлөгөндөн алысмын, бирок өзгөрүү болушу керек. Өзгөрүү мезгили жетти окшойт.

Калкыбыздын саны 6 миллион адам, анын 3 миллиону жаш балдар. Бир миллиону учурда сыртта иштеп жүрөт, дагы бир миллионго жакыны пенсия курагындагы, ишке жарамсыз адамдар болуп саналат. 380 миң чиновник, анын ичинде президенттен баштап күзөтчүгө чейин айлык алат. Аларды ишке жарамдуу 1 миллион адам багып жатат. Ошондо сизди 2 адам иштеп багып жатат.

Ар бир чиновник үй-бүлөсүнүн бюджетине мамиле кылгандай, мамлекеттин бюджетине да карашы керек. Эч ким элди ойлогон жок. Чектөө дегенге убакыт жетти окшойт. Мен же башкача ойлономбу, анда, Алтынбек, сен башкача ойлонуп жатасың деп айткылачы", - деди Сулайманов.

Буга вице премьер-министр Кубатбек Боронов: "Мамлекет болгондон кийин кичине болобу же чоңбу баары бир кандайдыр бир кызматтарды аткарууга туура келет экен. Мисалы, Орусиянын аскери болсо биздин өлкөгө да аскер керек. Чыгым баары бир болот, башкача бир жолдор менен жүргүзүүнүн мезгили келгендир. Такыр өзгөрүү жок деп айта албайм, ага объективдүү, субъективдүү себептер болуп жатат", - деди.

"Бизге 15 министрдин эмне кереги бар? Губернаторлор эмне иш кылат? Түштөн кийин аларды издеп таппайсың. Өзүбүздү Орусияга кантип теңей алабыз? Бизде эмне ресурс бар? Мунай өндүрүү жок", - деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан