Нуран Ниязалиев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-февралда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ниязалиевдин буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Катар мамлекетиндеги элчиси кызматынан бошотулганы маалымдалган.
Ниязалиев 44 жашта, ал Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылында туулган. Дипломатия тармагындагы эмгек жолун 1997-жылы баштаган.