Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Парламент бийлик эмне айтса бардыгын жасап бере турган уюм болуп калган"

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги маселе тууралуу маалымат уктурулуп, анда депутат Ирина Карамушкина келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылган. "Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" - деген суроо салган.

Буга ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл аларын жооп кылган болчу. Өткөн жылы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев тараткан билдирүүсүндө да ушундай эле ойду айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Экс-спикер Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча макулдашууну парламент жакшы ойдо кабыл алганын айтты. Ушундай эле ойду экс-президент да билдирген. Бийликтегилер жакшы ойдо жасаса, анда күнөөлүү ким болуп калат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков белгилегендей, парламент бийликтин жана өкмөттүн кайсы бир чечимдери туура эмес болсо иликтей турган мамлекеттик институт болуп эсептелет.

"Парламент - бул бийликтин, өкмөттүн кайсы бир чечимдери мүмкүн туура эмес болсо, өтө чоң чыгашага алып келип жатса, мыйзамсыз болсо, ошол чечимдерди токтотуп, иликтеп, кандайдыр бир карама-каршылык көрсөтө турган орган, мамлекеттик институт болуп эсептелет. Ал эми бизде тескерисинче, мамлекеттеги бардык бийликтин жана өкмөттүн иши туура эмес, мыйзамсыз болсо, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбесе да ошол чечимдерди биздин парламент мыйзамдаштырып бере турган уюмга айланып калган. Биздин парламент бийлик эмне айтса бардыгын жасай турган уюм болуп, ошону менен негизги функциясын аткарбай калган. Бул парламенттин мамлекеттик институт катарында жараксыз болуп калганынын далили болуп эсептелет", - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан