"Өкмөт ЖЭБди модернизациялоодо тактыгын эсептеп, даяр документти Жогорку Кеңешке жибериши керек эле" дейт депутат Аалы Карашев

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги маселе тууралуу маалымат уктурулуп, анда депутат Ирина Карамушкина келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылган. "Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" - деген суроо салган.

Буга ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл аларын жооп кылган болчу. Өткөн жылы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев тараткан билдирүүсүндө да ушундай эле ойду айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Экс-спикер Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча макулдашууну парламент жакшы ойдо кабыл алганын айтты. Ушундай эле ойду экс-президент да билдирген. Бийликтегилер жакшы ойдо жасаса, анда күнөөлүү ким болуп калат?" деген собол салды.

Суроого жооп берген Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев күнөөлүү тарап комиссиянын жыйынтыгында, парламенттик угууда айтылганын белгиледи.

"Үй курам десең да алдын ала пландаштыруу иштери жүрөт. Бул чоң суммадагы модернизация болуп жаткандан кийин сөзсүз түрдө техникалык-экономикалык негиздемеси болуп, жыйынтыгы менен акчалар эсептелиши шарт эле. Мунун баарын жасай турган ошол тармактагы адистер болушу зарыл. Энергетика тармагында иштеген адистер ийне-жибине чейин эсептеп чыгып, өкмөт тактыгын эсептеп, даяр документти Жогорку Кеңешке жибериши керек эле", - дейт Карашев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочу Рита Карасартова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан