Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча чечимдин кабыл алынышы тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова: "Парламент жакшы ойдо болуп эле кол коё бербеши керек"

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги маселе тууралуу маалымат уктурулуп, анда депутат Ирина Карамушкина келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз кылган. "Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" - деген суроо салган.

Буга ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл аларын жооп кылган болчу. Өткөн жылы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев тараткан билдирүүсүндө да ушундай эле ойду айткан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Экс-спикер Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча макулдашууну парламент жакшы ойдо кабыл алганын айтты. Ушундай эле ойду экс-президент да билдирген. Бийликтегилер жакшы ойдо жасаса, анда күнөөлүү ким болуп калат?" деген собол салды.

Суроого укук коргоочу Рита Карасартова жооп берип, ар бир долбоор ишке ашардын алдында дыкат иликтөө болушу керектигин айтты.

"Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо 386 миллион долларга эмес, 50 миллион долларга жасай турган жерде эле деп айтылып жатат. Бул ишти аткаруудан мурда техникалык жагын кароо керек болчу. Мамлекеттик казынага зыян келгендиги үчүн электр энергиясын көтөрөбүз деп жатышат. Бул дагы алдамчылык. Кандай долбоор болбосун тескерисинче алдын ала эсептелип, өлкө үчүн пайда алып келери тууралуу техникалык коопсуздугу да каралышы зарыл. Парламент алдын ала изилдеп чыгышы керек эле. Алар жакшы ойдо болуп эле кол коё беришеби? Анын эсеп-кысабын эсептеп чыгышпайбы? Жасап жаткан иш жакшы болуп калса баа түшүп, жаман болсо баа көтөрүлгөнү туура эмес. Бул маселе боюнча парламент эксперттердин тобунун анализин карап туруп кол коюшу зарыл болчу. Ошондо парламент мына колубузда эксперттердин анализи турат деген жүйө менен күнөөлүү тараптын катарында болбойт эле", - деди Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активистАдил Турдукулов, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан