2014-жылдан баштап Орусияга баруучу мигранттарга карата жаңы эрежелер киргизилет

Орусиянын федералдык миграциялык кызматы 2014-жылдан баштап мигранттар үчүн жаңы эрежелерди киргизет. Анда мамлекетке келгенге визасыз режим киргизилген өлкөлөрдүн 90 күндөн ашык жүрүүнү каалаган жарандарына уруксат кагазын берүү каралган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Уруксат кагазы чет өлкөгө чыгуучу паспортко чапталат. Бул иш-чаралар Орусиядагы миграциялык мыйзамга жаңы киргизилген түзөтүүлөргө ылайык жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, Орусиянын мыйзамдарын бузган 11 миң чет элдик жарандарга 3 жылга чейин бул мамлекетке кирүүгө тыюу салынган. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияга жөнөп жаткан кыргыздарга тиешелүү документтерди алып баруу керектигин эскертет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан