20-февралга караган түнү Европадагы эң беделдүү футболдук мелдеш - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын беттештери уланды.
Анда Францияда "Лион" - "Барселона" беттеши орун алса, Англияда "Ливерпуль" - "Бавария" оюну өттү.
"Лион" - "Барселона"
Франциядагы "Люмьер" стадионунда жергиликтүү "Лион" футболдук клубу "Барселонаны" кабыл алды. Беттеште эки команданын оюнчулары гол киргизгенге аракет кылганы менен, аны ишке ашыра алышкан жок. Беттеш 0:0 эсеби менен аяктады. Командалардын жооптук беттеши 14-мартка караган түнү орун алат.
"Ливерпуль" - "Бавария"
Англиядагы "Энфилд" стадионунда "Ливерпуль" клубу германиялык "Баварияны" кабыл алды. Бул беттеште дагы оюнчулар эсепти ачууга аракет жасаганы менен, ийгиликтүү болгон жок. Жыйынтыгында эсеп саны 0:0 бойдон калып, беттеш аяктады. Командалардын жооптук беттеши 14-мартка караган түнү орун алат.