Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиев кызматтан кетүү үчүн арыз жазды. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
"Жумуш ордумду алмаштырууну туура көрүп, кызматтан кетүү үчүн арыз жазууну чечтим. Саламаттыкты сактоо тармагында эле ишимди улантам. Бирок азырынча кайсы жакта иштей турганымды так айта албайм", - дейт Калиев.
Азырынча анын арызына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коё элек.
Марат Калиев бул кызматты 2015-жылдан тарта аркалап келет. Жакында премьер-министр айрым министрлик жана мекемелердин жетекчилерине кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жана эскертүүлөрдү жарыялаган. Эскертүү берилгендердин катарында Калиев дагы болгон.