Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын бириктирилген долбоору 2-окууда каралды.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечи депутаттары Марлен Маматалиев, Абдыбек Дүйшалиев жана Мирлан Бакиров.
2-окуудагы мыйзам долбоорун экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева алып чыкты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тендерлерде атаандаштыкты андан ары өнүктүрүү, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катышууга жергиликтүү ишканаларды көбүрөөк тартуу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзам тендерлерди өткөрүүнүн адам факторунун кийлигишүүсүн толук жокко чыгарат.
Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев долбоор аркылуу коррупциялык жагдайлар менен кайра-кайра тендер өткөрүүгө, же анын мөөнөтүн жылдап узартууга бөгөт коюлуп жатканын билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбооруна редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр көп болгондуктан тиешелүү комитет 2-окууда кайрадан карасын деген чечими кабыл алынды.