Бүгүн, 20-февралда парламенттин жалпы жыйыны өтүп жатат. Жыйында 2019-2021-жылдар аралыгында ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктарга акциздик алымдарды киргизүүгө багытталган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Азамат Арапбаев акыркы мезгилде өлкө аймагына ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйгөнүн билдирди.
"Андан көрө электрондук тамекини көбөйтүү керек. Анын адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны аз. Тилекке каршы, Салык кызматында да, Бажы кызматында да өлкө аймагына ташылып кирген ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү жөнүндө так маалымат жок", - деди эл өкүлү.
Эгерде сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, акциздик алым 2019-жылдын июль айынан тарта киргизилүүгө тийиш.