Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын облустардын биринде өткөрүлүп турары айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугушканда билдирди.
Президент III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бийик деӊгээлде өтүп, ага жер шарынын 60ка жакын өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышканын жана көчмөндөр оюнун өткөрүү кезеги Түркияга берилгенин эске салды.
"Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы Кыргыз мамлекетинде жыл сайын республикалык деңгээлде улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Манас ордодо - Талас облусунан баштайлы деп жатабыз. Андан соң эстафетаны башка областтар алып өткөрө баштайт", - деди Жээнбеков.