18-февралдан тартып Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан маалымдалды.
Маалыматка ылайык, каттоо 4-апрелге чейин улантылат. Орто мектепти же кесиптик орто билим берүүчү окуу жайды аяктаган абитуриенттер окуган жеринен каттоого өтүшөт. Ал эми өткөн жылдары мектепти аяктап, бул жылы тест тапшыра тургандар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн каттоодон өтсө болот. Негизги тест үчүн абитуриенттер 320 сом, ар бир предметтик тест үчүн дагы 320 сомдон төлөшөт.
Тест тапшырууга катталуу үчүн:
* паспорт, эгер бүтүрүүчү паспорт ала элек болсо окуган жеринен сүрөтү тиркелген аныктама;
* 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
* тесттен өтүү үчүн төлөмдүн эсеп дүмүрчөгү;
* Өткөн жылдары мектепти бүтүргөндөр орто билими тууралуу аттестатын алып келиши керек.