Жалал-Абадда кызын чынжырлап койгон эне кызы балдар менен көп сүйлөшкөндүктөн ушул кадамга барганын түшүндүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызмат көрсөтүү кызматынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.
"Иликтөө иштеринин алкагында А. аттуу өспүрүм кыз Жалал-Абад шаардык балдарды калыбына келтирүү "Акжол" борборуна убактылуу алынды. Учурда аны менен тиешелүү кызматкерлер, психологдор иш алып барууда. Апасына карата жашы жете элек адамга зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча айып тагылууда. Кыздын энеси бул нерсени кызы акыркы учурда балдар менен көп сүйлөшүп, көчөгө көп чыгып калгандыгынан улам ушул кадамга барганын түшүндүрдү.
Анын айтымына караганда, ага кошуналары да кызы балдар менен көп жүргөнүн айтып даттанышкан. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кыздын мугалимдери да суралган, алар аны мектепте жакшы окуй турганын билдиришти. Бул окуя боюнча териштирүү аягына чыккыча өспүрүм кыз аталган борбордо каралат, борбордогу мектепте окуп турат", - деди Жакыпова.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Кечээ байпакчан, колуна чынжыр тагылган кыз ыйлап жаткан видео тараган. Кийин кыздын ата-энеси ал 6 айлык кезинде ажырашып кеткени жана аны апасы жалгыз тарбиялап келгени белгилүү болгон. Кийин өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн 2 жолу качып, кайра кайтарылганы белгилүү болгон.